Садыр Жапаров Кара-Сууда “Манас” футболдук стадионун ачты

Президент 2012 19 Сентябрь 2025 00:42
549987241_1341846877949943_1271959275155433004_n.jpg
547655493_1341848667949764_4207955186798986689_n.jpg
547952994_1341846727949958_6766304930737388373_n.jpg
549529671_1341848564616441_1612030293100056971_n.jpg
548571585_1341848757949755_2855454079350278914_n.jpg
549714334_1341847071283257_3021888302142655460_n.jpg
549365892_1341848654616432_1896619458756689374_n.jpg
548110431_1341847534616544_8333203004971515648_n.jpg
550461171_1341848394616458_5068726923563460134_n.jpg
548684366_1341847477949883_3984892388757541128_n.jpg
547529777_1341848457949785_390446748296996250_n.jpg
550445336_1341846824616615_7023744577232820380_n.jpg
548669419_1341847431283221_278566469669060269_n.jpg
549819740_1341848471283117_6787631043963422888_n.jpg
549153024_1341847317949899_2414260148874305118_n.jpg
548595768_1341846647949966_161518590308300472_n.jpg
549787263_1341848584616439_5813184062782798104_n.jpg
549357331_1341847251283239_3734495224180402510_n.jpg
548105794_1341848767949754_7699175040872698390_n.jpg
548139497_1341846651283299_8930843366125048123_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында “Манас” футболдук стадионунун ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын алдында Мамлекет башчысы административдик имаратты, спортчулардын кийим алмаштыруучу жайын, машыгуу залын көрүп чыкты.

Стадион 1960-жылы курулган жана Кара-Суу шаарындагы башкы спорттук объект болгон. Бирок бул жылдар бою капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес жана бара-бара жараксыз болуп калган.

Садыр Жапаров өз сөзүндө стадиондун ишке берилиши өлкөбүздүн социалдык өнүгүүсүндө жана жергиликтүү инфратүзүмдү жакшыртууда маанилүү кадам болуп эсептелет деп баса белгиледи.

“Бул жерде биздин даңктуу “Жаштык-Ак-Алтын” футбол клубу түптөлүп, кыргыз футболунун тарыхында өз ордун тапкан. Бул клуб 2003-жылы Кыргызстандын чемпиону болуп, өлкө кубогунун жети жолку финалисти катары Кара-Суунун атын жети дубанга даңазалаган жайы бар. Демек, бул стадион өз учурунда жергиликтүү жаштардын кыялдары ишке ашкан, күйөрмандардын сүйүнүчүнө күбө болгон өзгөчө жай болгон”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Футболдук стадион заман талабына ылайык толук кайра курулду: сыйымдуулугу 5000 адамга жеткирилди, оюн талаасына табигый көк майсаң чөп төшөлдү, трибуналар жаңырды. Медиа зонасы, медициналык бөлмөлөр, административдик имараттар, калыстар үчүн кеңсе жайлары салынды, ал эми борбордук аянт заманбап прожекторлор жана LED-экран менен жабдылып, кечкисин футболдук беттештерди жана иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Объекттин реконструкциясына 274,5 млн сом жумшалды. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул каражат келечектин чемпиондоруна, жаштарыбыздын өнүгүүсүнө салынган инвестиция болуп эсептелинет.

Садыр Жапаров мындай стадиондордун курулушу — ириде элдин ынтымагын чыңдоого, жаштарга дем берүүгө салым экенин баса белгилеп, бул сыяктуу долбоорлор Кыргызстандын башка аймактарында да жигердүү жүрүп жатканын ырастады.

“Өткөн айда Өзгөндө, жакында эле 14-сентябрь күнү Токтогул шаарында стадион ачылды. Ошондой эле Баткенде, Нарында, Таласта стадиондор жигердүү курулууда. Сокулук, Аксы, Кочкор райондорунда, ошондой эле Токмок, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя шаарларында да салынып жатат. Бишкекте болсо жалпы спорт тармагына өтө маанилүү спорттук-реабилитациялык медициналык борбор түптөлүүдө. Мунун баары – мамлекеттин спортту өнүктүрүүгө болгон саясатынын айкын далили”, - деп белгиледи Президент.

Ал ошондой эле жаңыланган “Манас” стадионунун ачылышы 90 жылдыгын белгилегени турган жалпы Кара-Суу району үчүн чоң майрамдын башы деп айтууга болорун баса көрсөттү.

“Мындай майрамдык маанайды утурлай, баарыңыздарды Кара-Суу районунун 90 жылдыгы менен чын дилимден куттуктап кетейин. Көп этностуу бул райондун эң башкы байлыгы – бул жумурай журттун ынтымагы, биримдиги, алдыга умтулуусу. Биримдигиңиздер артып, мындан ары да өнүгүп-өсө бериңиздер”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ачылыш аземинен кийин «Мурас Юнайтед» менен «Дордой» командаларынын ортосунда Кыргыз Республикасынын Кубогуна финалдык беттеш болуп, ага Мамлекет башчысы катышты. Беттеш 1:2 эсеби менен “Дордойдун” пайдасына аяктады.

Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү. Жеңүүчүлөргө медалдарды жана Кубокту Президент Садыр Жапаров тапшырды.