Садыр Жапаров Кара-Сууда үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратын ачты

Президент 1147 12 Апрель 2026 15:16
669858389_1525702149564414_3498707243011275700_n.jpg
669681788_1525702269564402_820191483452086987_n.jpg
669658432_1525702386231057_2874132919004970690_n.jpg
669717060_1525702412897721_3871225275540926296_n.jpg
669780303_1525702712897691_7799590022700551060_n.jpg
670179785_1525702256231070_77516714968282763_n.jpg
670789298_1525702146231081_912067990598632630_n.jpg
670940538_1525702296231066_4005486634101423578_n.jpg
671531366_1525702522897710_5239226912098366612_n.jpg
672285399_1525702356231060_7311551130275421572_n.jpg
671539618_1525702652897697_3649407886632886961_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты.

Борбордун жаңы имараты төрт кабаттан турат, анын ичинде жер төлөсү да бар. Мекеме заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган.

Имаратта административдик кызматтар, консультациялык жана диагностикалык бөлүмдөр, ошондой эле медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган адистештирилген кабинеттер жайгашкан. Борбор компьютердик томография (КТ), УДИ-сканерлер, рентген аппараттары, эхокардиография, ЭГДС, флюорография, фиброскан жана башка жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Президент дарылоо-диагностикалык кабинеттерди, анын ичинде гематология, рентгенография, флюорография жана ультрадобуштук диагностика бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Мамлекет башчысы ошондой эле медициналык кызматкерлер менен кыскача баарлашып, алардын эмгек шарттарына жана мекеменин жабдылышына кызыкты.

Ошондой эле Садыр Жапаров медициналык кызматкерлерди өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди ак ниет аткарууга чакырып, алардын кесибинин жогорку жоопкерчилигин баса белгиледи. Ал эмгек акыны жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди эске салып, мамлекет мындан ары да аны көбөйтүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

Бул объекттин пайдаланууга берилиши медициналык тейлөөнүн сапатын кыйла жогорулатуу, бейтаптардын күтүү убактысын кыскартуу жана медицина кызматкерлери менен райондун тургундары үчүн да ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда объект толук кандуу иш алып барууга даяр.