Садыр Жапаров: Камбар-Ата 1 ГЭСинин стратегиялык мааниси чоң

Президент
Садыр Жапаров: Камбар-Ата 1 ГЭСинин стратегиялык мааниси чоң
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун активи жана тургундары менен жолугушуп, энергетика тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ал өлкөнүн энергетикалык келечеги үчүн Токтогул районунун стратегиялык маанисин белгиледи.

Мамлекет башчысы райондо өлкөдөгү ири стратегикалык долбоорлордун бири — Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу иштери активдүү жүрүп жатканын баса белгиледи.

”Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууда чечүүчү мааниге ээ“,—деди президент.

Мындан тышкары, ал аймакта жалпы кубаттуулугу 14,4 МВт болгон ”Кайнама“ жана ”Кайнама-2” чакан ГЭСтери ийгиликтүү пайдаланууга берилгенин кошумчалады.