Садыр Жапаров: Калктуу конуштарга адам ысымдарын ыйгарууга мораторий киргизүү каралууда

Президент Загрузка... 14 Апрель 2026 14:00
IMG_3753.webp

Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Калктуу пункттарга адамдардын ысымын ыйгарууга тыюу салуу (мораторий) сунушу мамлекеттик деңгээлде талкууланууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-апрелде Алай районунун тургундары менен жолугушканда билдирген.

Анда жергиликтүү тургундардын бири калктуу пунктка Алай аймагынан чыккан тарыхый инсан, мамлекеттик жана саясий ишмердин ысымын ыйгаруу сунушун киргизген.

Президент бул демилгеге жооп берип жатып, калктуу конуштарга адам ысымдарын ыйгаруу коомдук пикир келишпестиктерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Анткени мындай учурда кайсы тарыхый инсандын аты даңазалоого татыктуу экени боюнча талаш-тартыштар жаралат.

Садыр Жапаров белгилегендей, мындай кырдаалдарда адамдар топторго бөлүнүп, “өздөрүнүн” талапкерлерин колдогон жүйөлөрдү келтире башташат. Бул болсо коомдо керексиз чыңалууга алып келиши ыктымал.

Ушуга байланыштуу коомдук ынтымакты сактоо жана мүмкүн болуучу чыр-чатактарды алдын алуу максатында калктуу конуштарга инсандардын ысымдарын ыйгарууга жол бербеген бирдиктүү мамилени кармануу керектиги айтылды.