Садыр Жапаров IV Евразия экономикалык форумунун пленардык сессиясында сөз сүйлөдү

Президент 1292 26 Июнь 2025 22:54
510063799_1267162508751714_8803229072097642899_n.jpg
512671104_1267162555418376_1290535273930151744_n.jpg
513983450_1267162512085047_4279697177733266671_n.jpg
512676077_1267162548751710_1353205952123720078_n.jpg
Алдыга
Артка
510063799_1267162508751714_8803229072097642899_n.jpg
512671104_1267162555418376_1290535273930151744_n.jpg
513983450_1267162512085047_4279697177733266671_n.jpg
512676077_1267162548751710_1353205952123720078_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июнда Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында IV Евразия экономикалык форумунун «Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы: жыйынтыктар жана келечектери» деп аталган пленардык сессиясына катышты.

Мамлекет башчысы форумдун модераторунун өнөр жайды өнүктүрүү жана биргелешкен билим берүү, илимий программалар боюнча суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз Республикасы акыркы жылдары Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого өзгөчө маани берип жатканын белгиледи. Ал Бирликтин алкагындагы кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизми бул багыттагы эң натыйжалуу чаралардын бири болуп калганын ырастады.

Ошол эле учурда, баштапкы этапта ишкерлер өтүнмөлөрдү толтурууда жана талаптарды аткарууда кыйынчылыктарга туш болууда. Буга байланыштуу президент тандоо шарттарын жана жабдуулар менен комплекттөөчүлөрдү жеткирүү критерийлерин, айрыкча экономикасы чакан өлкөлөр үчүн кайра карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Садыр Жапаров экономиканы модернизациялоо боюнча тутумдуу кадамдарды жасоону сунуш кылды:

- санариптик трансформацияга жана автоматташтырууга өзгөчө көңүл буруу менен өндүрүштөрдү локализациялоону жогорулатуу жана чакан жана орто бизнес менен кластерлерди өнүктүрүү;

- маалымат алмашуу жана биргелешкен илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди кеңейтүү аркылуу өнөр жай жана айыл чарбасындагы илимий-изилдөө потенциалын күчтөндүрүү;

- биргелешкен изилдөөлөрдү колдоо механизмдерин түзүүнү жана компетенция борборлорунун тармагын негиздөөнү камтыган илимий жана инновациялык долбоорлорду туруктуу каржылоону камсыз кылуу.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасы өндүрүштүк өнүгүүнүн негизин түптөгөнүн белгиледи: индустриялаштыруу маселелери 2030-жылга чейинки өнүгүү боюнча Улуттук программага киргизилген. Негизги басым туруктуу өнөр жай базасын түзүүгө, кошумча наркы жогору продукциянын экспортун өнүктүрүүгө жана кластердик ыкманы колдонууга жасалган.

Президент Кыргызстан үчүн текстиль, тамак-аш кайра иштетүү, курулуш материалдарын өндүрүү, фармацевтика жана машина куруу тармактары келечектүү болуп саналарын белгиледи. Алардын баары жумуш орундарын түзүү жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жогорку потенциалга ээ.

Соңунда президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Бирликтин ичинде да, тышкы өнөктөштөр менен да өнөр жай жаатында активдүү кызматташууну жактаарын жана бирдиктүү евразиялык өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зарыл ресурстарга ээ экенин баса белгиледи.