Садыр Жапаров Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы менен жолугушту

Президент 1589 30 Май 2025 20:40
501990918_1244536737680958_8888898026731395152_n.jpg
502129034_1244536784347620_2768826746934754309_n.jpg
502262084_1244536827680949_4799370037464245733_n.jpg
502690122_1244536747680957_3169000919368374891_n.jpg
502210386_1244536791014286_3565662788841958528_n.jpg
Алдыга
Артка
501990918_1244536737680958_8888898026731395152_n.jpg
502129034_1244536784347620_2768826746934754309_n.jpg
502262084_1244536827680949_4799370037464245733_n.jpg
502690122_1244536747680957_3169000919368374891_n.jpg
502210386_1244536791014286_3565662788841958528_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда Астанадагы “Борбор Азия – Италия” биринчи саммитинин алкагында Италиянын министрлер кеңешинин төрайымы Джорджа Мелони менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу, энергетика, транспорт, суу тармагындагы кызматташтык жана санариптик трансформация боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүү талкууланды.

Джорджа Мелони мамлекет башчысын тосуп алып, Садыр Жапаровго “Борбор Азия – Италия” биринчи саммитине катышкандыгы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

«Бул маанилүү иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылык билдиргим келет. Биз тарыхый учурдун күбөсү болдук – Борбор Азия мамлекеттери жана Италия биринчи жолу мындай форматта чогулушту», - деп баса белгиледи Джорджа Мелони жана Италия бүтүндөй аймакка жана Кыргызстанга, атап айтканда, Европа менен Азиянын бириккен жериндеги маанилүү өнөктөш катары өзгөчө стратегиялык маани берерин баса белгиледи.

Джорджа Мелони Садыр Жапаровду Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча макулдашууга кол коюлушу менен куттуктап, аны аймактагы туруктуулук менен коопсуздукту чыңдоодогу маанилүү кадам деп атады.

Ал Италия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер азыркы тапта да жогорку деңгээлде экенин жана бүгүнкү күндө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча келишимге кол коюу муну кошумча ырастаганын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде бул Кыргызстан менен Италиянын мамлекет башчыларынын акыркы жети айдагы экинчи жолугушуусу экенин белгилеп өттү.

"Бул эки тараптуу жана көп жактуу мамилелерди чыңдоого эки тараптын тең кызыкчылыгын көрсөтүп турат. Өткөн жылдын октябрь айында Италияга болгон расмий иш сапарымдагы меймандостугуңузду жылуу эстеп турам. Анда биз кыргыз-италиялык кызматташтыгын мындан ары кеңейтүү багытын колдоону чечкенбиз. Жетишилген макулдашууларды өз убагында ишке ашырууга кошумча түрткү беришибиз керек деп эсептейм", - деп баса белгиледи президент жана Италия Кыргызстандын конструктивдүү диалог түзүлгөн жана көп тараптуу кызматташуу өнүгүп жаткан маанилүү өнөктөшү болуп саналат деп кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент италиялык инвесторлорду гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана транспорттук инфраструктура тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Ал белгилегендей, Кыргызстан ар түрдүү тармактарда – санариптештирүү жана банктык ишмердүүлүктөн тарта туризм жана кайра иштетүү өнөр жайына чейин, чет элдик өнөктөштөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен кызматташууга ачык.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча макулдашууга кол коюлду.
Келишим иштиктүү чөйрөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономика жана инвестиция тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө үчүн жаңы перспективаларды ачат.