Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абадга барат

Президент
Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абадга барат

Бишкек, 22.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы райондордун эли менен жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.