Садыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат

Президент Загрузка... 12 Май 2025 13:01
5_1657026795_lg.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 12-13-май күндөрү иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Маалыматка ылайык, эки күндүк иш сапарынын алкагында мамлекет башчы бир катар аймактык объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышып, социалдык объектинин ачылышына катышат, ошондой эле мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырмакчы.