Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат

Президент 1 июль 2025 15:00
Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга барат

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат.

Президент Садыр Жапаровдун жана президент Владимир Путиндин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат.