Бишкек, 21.03.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана каада-салттардын уланышын чагылдырган байыркы элдик Нооруз майрамын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
Президент ошондой эле Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратын ачат.
Майрамдык иш-чара УТРКнын түз эфиринде жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларда көрсөтүлөт.
Түз эфирдин башталышы — саат 11:00.