Садыр Жапаров иш сапары менен Москвага келди

Президент 1449 02 Июль 2025 15:19
514237561_1272116724922959_347064299055466523_n.jpg
514970955_1272116631589635_3292914304996982697_n.jpg
514954843_1272116644922967_1558678160605400656_n.jpg
514789943_1272116701589628_121745935305289759_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-июлда иш сапары менен Россиянын Москва шаарына келди.

Мамлекет башчысынын учагы Внуково-2 эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эскерте кетсек, сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы маселелерди талкуулашат.