Садыр Жапаров Индиянын премьер-министрине жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты

Президент Загрузка... 13 Июнь 2025 08:55
IMG_6022.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.