Садыр Жапаров Индиянын премьерине теракттан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Загрузка... 23 Апрель 2025 12:50
5964079162065008593_V7DEy0T.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Пахалгам шаарында болгон терактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Пахалгам шаарындагы террордук акттын кесепетинен көптөгөн күнөөсүз адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Бул кылмыш эч кандай актоого жатпайт жана анын уюштуруучулары менен аткаруучулары тиешелүү жазага тартылышы керек деп эсептейбиз.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгыларын тең бөлүшүп, көңүл айтам, жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат телеграммада.