Садыр Жапаров Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды кабыл алды

Президент 2892 17 Март 2025 16:48
484338198_1177535867714379_4624913600224685211_n.jpg
484317708_1177535957714370_8112675418246150863_n.jpg
484287430_1177535817714384_6193676186682024344_n.jpg
484378576_1177535744381058_4624801866755347609_n.jpg
484748822_1177535721047727_7471779179245780384_n.jpg
485171830_1177535877714378_2176920269080459841_n.jpg
484940432_1177535711047728_303942585497901622_n.jpg
Алдыга
Артка
484338198_1177535867714379_4624913600224685211_n.jpg
484317708_1177535957714370_8112675418246150863_n.jpg
484287430_1177535817714384_6193676186682024344_n.jpg
484378576_1177535744381058_4624801866755347609_n.jpg
484748822_1177535721047727_7471779179245780384_n.jpg
485171830_1177535877714378_2176920269080459841_n.jpg
484940432_1177535711047728_303942585497901622_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Бирендер Сингх Ядавды ишеним грамоталарын тапшыруу аземине байланыштуу кабыл алды жана аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Президенттин администрациясы маалымдагандай, эки өлкөнүн мындан аркы өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик тармактарда кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчы Элчи Бирендер Сингх Ядав тажрыйбасы мол кесипкөй дипломат катары Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы достукту жана өнөктөштүктү чыңдоого олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

“Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы мамилелер терең маданий жана тарыхый байланыштарга негизделип келет. Биз 2019-жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мүнөзгө жетишкен мамилелерди баалайбыз”, - деп президент баса белгилеп, Кыргызстан “Борбордук Азия – Индия” диалогунун ишмердүүлүгүн маанилүү деп эсептеп, ал форматтын алкагында жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышууга даяр экенин ырастады.

Өз кезегинде Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Ал Кыргызстан менен Индиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө, анын ичинде соода, инвестиция жана билим берүү тармактарында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин белгиледи. Бул контекстте ал товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн жана бизнес-байланыштарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Мен сиздерди Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюуңуз менен куттуктайм. Бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана биримдикти чыңдоого гана мүмкүндүк бербестен, бүткүл региондо тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөөгө олуттуу салым кошот”, - деди Бирендер Сингх Ядав.