Садыр Жапаров «Ихлас Холдингдин» директорлор кеңешинин төрагасын кабыл алды

Президент 7240 16 Апрель 2025 19:00
491937253_1206299388171360_2670577167954530106_n.jpg
491864722_1206299401504692_2073127932112691990_n.jpg
491202938_1206299398171359_3187629308626799814_n.jpg
491934627_1206299524838013_9055040969805478424_n.jpg
490977823_1206299488171350_1383804478665201063_n.jpg
491399482_1206299584838007_8465216077164270728_n.jpg
490823500_1206299498171349_8300171313189903863_n.jpg
Алдыга
Артка
491937253_1206299388171360_2670577167954530106_n.jpg
491864722_1206299401504692_2073127932112691990_n.jpg
491202938_1206299398171359_3187629308626799814_n.jpg
491934627_1206299524838013_9055040969805478424_n.jpg
490977823_1206299488171350_1383804478665201063_n.jpg
491399482_1206299584838007_8465216077164270728_n.jpg
490823500_1206299498171349_8300171313189903863_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын маалымат кызматы

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, Түркия Республикасынын «Ихлас Холдинг» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мужаид Оренди кабыл алды.

Жолугушууда түрк инвестициялык компаниялардын катышуусунда энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланып, жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө, ири ГЭСтерди курууга жана өлкөлөр ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашыл энергетика объектилерин өнүктүрүүгө кызыкдар инвесторлорго ыңгайлуу жана жагымдуу шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын өткөн жылдын 5-декабрында мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААКнын ортосунда ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча алкактык макулдашууга кол коюлган.

Ошентип, «Ихлас Холдинг» ААКсы Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу максатында «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААКсын түздү.

Садыр Жапаров ошондой эле «Орто Азия инвестициялык холдинги» ААК «Кыргыз гидродолбоор» институту менен биргеликте Жалал-Абад облусунун аймагындагы Алабуга ГЭСи, Карабулуң ГЭС-1, Карабулуң ГЭС-2 курулушу болжолдонгон аймактарда изилдөө иштери аяктаганынан кабардар экенин билдирди.

Буга байланыштуу мамлекет башчы бул инновациялык техникалык чечимдерди колдонгон ири инвестициялык долбоорлордун бири экенин белгиледи.

Жолугушууда Бишкек шаарындагы ЖЭБ-2ни куруу долбоорун ишке ашыруу маселеси да талкууланды. Садыр Жапаров 2028-жылы жаңы жылуулук электр борбору ишке киргенден кийин борбор калаанын экологиялык абалынын бир кыйла жакшыруусу күтүлүп жатканын белгиледи.

«Долбоордо заманбап энергоблокторду куруу, жаңы жабдууларды орнотуу, көмөкчү инфраструктураны өнүктүрүү, ошондой эле жылуулук жана электр менен камсыздоо тутумдарын модернизациялоо камтылган. Газ түтүгүнүн долбоору өзгөчө көңүл бурууну талап кылат - аны ишке ашыруу шаар тургундары үчүн мүмкүн болушунча коопсуз болушу керек», - деп белгиледи президент.

Өз кезегинде «Ихлас Холдинг» АКнын директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мужаид Орен компаниянын белгиленген долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин ырастады.

«Бүгүн биздин компания Кыргызстанда расмий көрсөтүлдү. Биз гидроэнергетика жана жылуулук энергетика тармагындагы долбоорлорду стратегиялык маанилүү жана артыкчылыктуу деп эсептейбиз. Аларды ишке ашыруу өлкөнүн энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнүн негизи болуп, кийинки инвестициялык демилгелер үчүн шарттарды түзөөрүнө ишенебиз», - деди Ахмет Мужаид Орен.

Ал белгилегендей, компания өзүн улуттук кызыкчылыкка туура келген ички инвестор катары көрсөтөт. Ошондой эле жасалган бардык кадамдар мамлекет жана Кыргызстандын жарандары үчүн туруктуу жана узак мөөнөттүү баалуулуктарды түзүүгө багытталганын кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров кадрларды даярдоо, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүнү сунуштады. Ал мындай өз ара аракеттенүү эки жактуу пайда алып келерин жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууга өбөлгө болорун баса белгиледи.