Садыр Жапаров Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 1884 21 Апрель 2025 20:25
491951665_1210629587738340_1677720780284279229_n (1).jpg
491952256_1210629667738332_6631272726716259387_n.jpg
492045976_1210629601071672_1849211800291804810_n.jpg
Алдыга
Артка
491951665_1210629587738340_1677720780284279229_n (1).jpg
491952256_1210629667738332_6631272726716259387_n.jpg
492045976_1210629601071672_1849211800291804810_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек 21.04.25 /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде Бахрейнге расмий сапарынын алкагында падыша Хамад бин Иса Аль Халифа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Тараптар маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча эки жактуу аракеттенүүлөрдүн актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнүн келечеги тууралуу пикир алышты.

Өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстан менен Бахрейндин ортосундагы мамилелердин ырааттуу өнүгүшүнүн пайдубалын түзө турган бардык деңгээлдеги алакаларды арттыруунун жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушууда Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президенти катары кыргыз-бахрейн мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Бахрейн Падышалыгына расмий сапар менен барышы ал үчүн зор сыймык экенин өзгөчө баса белгиледи.

Ал эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы барагын ачкан бул сапардын символдуулугун белгилеп, өз ара пайдалуу өнөктөштүк мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирди.

Бул контекстте президент Садыр Жапаров падыша Хамад бин Иса Аль Халифаны Кыргызстанга жооп иретинде сапар менен келип кетүүгө чакырды.