Садыр Жапаров Гүлчөдө Алымбек датканын эстелигине гүлчамбар койду

Президент 1746 12 Сентябрь 2025 22:50
IMG_6312.jpeg
IMG_6311.jpeg
IMG_6313.jpeg
IMG_6314.jpeg
IMG_6315.jpeg
IMG_6316.jpeg
IMG_6319.jpeg
IMG_6318.jpeg
IMG_6317.jpeg
IMG_6320.jpeg
IMG_6323.jpeg
IMG_6322.jpeg
IMG_6321.jpeg
IMG_6326.jpeg
IMG_6325.jpeg
IMG_6324.jpeg
IMG_6329.jpeg
IMG_6328.jpeg
IMG_6327.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_6312.jpeg
IMG_6311.jpeg
IMG_6313.jpeg
IMG_6314.jpeg
IMG_6315.jpeg
IMG_6316.jpeg
IMG_6319.jpeg
IMG_6318.jpeg
IMG_6317.jpeg
IMG_6320.jpeg
IMG_6323.jpeg
IMG_6322.jpeg
IMG_6321.jpeg
IMG_6326.jpeg
IMG_6325.jpeg
IMG_6324.jpeg
IMG_6329.jpeg
IMG_6328.jpeg
IMG_6327.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 12.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылында XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Иш-чара кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана кыргыз элин бириктирүүгө зор салым кошкон атактуу тарыхый инсан Алымбек датканын 225 жылдыгына карата өттү.

Мамлекет башчысын Гүлчө айылында «Кырк чоро» аттуу 40 жоокер жана төкмө акындар салтанаттуу тосуп алышты.

Андан соң президент улуттук маданияттын экспонаттары, салттуу турмуш-тиричилик элементтери жана уз-чеберлердин заманбап чыгармалары коюлган көргөзмө менен таанышты.

Садыр Жапаров ошондой эле мамлекеттик ишмердин бай мурасын, анын аскердик, дипломатиялык жана агартуучулук ишмердүүлүгүн чагылдырган тарыхый экспозицияга барды. Көргөзмөдө сейрек кездешүүчү тарыхый материалдар, анын ичинде Кокон хандыгынын картасы, Алымбек датканын урпактарынын үй-бүлөлүк реликвиялары, ошондой эле француз изилдөөчүсү Поль Пеллио тарткан XX кылымдын башындагы уникалдуу сүрөттөр коюлган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Садыр Жапаров Алымбек датка атындагы парктагы айкелге гүл койду. Азем Улуттук гвардиянын ардактуу кароолунун коштоосунда өттү.

Иш-чаранын соңунда залкар мекендешибиздин элесине арналып үч жолу ок атылды.