Садыр Жапаров Германиянын элчисин дипмиссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды

Президент 1023 16 Июнь 2025 18:24
508131871_23900619902891361_8925377214566345938_n (1).jpg
508167360_23900620216224663_7524471966192827467_n.jpg
508164273_23900619886224696_4284234868961143802_n.jpg
508180396_23900619876224697_3404617295807400503_n.jpg
Алдыга
Артка
508131871_23900619902891361_8925377214566345938_n (1).jpg
508167360_23900620216224663_7524471966192827467_n.jpg
508164273_23900619886224696_4284234868961143802_n.jpg
508180396_23900619876224697_3404617295807400503_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриелла Геллилди анын дипломатиялык миссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчиге кыргыз-герман мамилелерин чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ал иштеген мезгилде эки өлкөнүн ортосунда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаңы баракчасы ачылганын белгиледи.

Президент саламаттыкты сактоо, билим берүү жана соода тармактарында эки тараптуу кызматташтык прогрессивдүү өнүгүп жатканын баса белгилеп, өзгөчө гуманитардык программалардын маанилүүлүгүн жана ишкердик активдүүлүктүн өсүшүн ырастады.

Өз кезегинде Германиянын элчиси Габриелла Геллил кыргыз тарапка конструктивдүү жана жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өлкөдө жогорку баага татыктуу алгылыктуу өзгөрүүлөр болгонун белгилеп өттү. Бул контекстте ал өнөктөштүктү, анын ичинде туризм жана билим берүү тармактарындагы алакаларды мындан ары кеңейтүү үчүн зор потенциал бар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Габриелла Геллилге келечектеги кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.