Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасын колдоо үчүн Д. Өмүрзаков атындагы стадионго келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын эл аралык спорттук иш-чараларга катышуусу жакшы салтка айланып, кесипкөй спортту жана жаштарды колдоонун белгиси болуп калды.
“Бул сергек жашоону жайылтуу, спорт аркылуу патриоттук тарбия берүү жана дене тарбиялык активдүүлүктүн маанилүүлүгүн да айгинелейт”,-деген ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 9-сентябрда кыргызстандык жаш футболчулар Шри-Ланка менен беттешет. Оюн футбол боюнча (U-23) Азия кубогуна тандоо алкагында өтүүдө.