Садыр Жапаров Евробиримдиктин БА боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды

Президент 1332 15 Май 2025 18:00
DST_2431.jpg
497864649_1232326408901991_438903226558316892_n.jpg
497444988_1232326302235335_9123355256042834947_n.jpg
DST_2575.jpg
Алдыга
Артка
DST_2431.jpg
497864649_1232326408901991_438903226558316892_n.jpg
497444988_1232326302235335_9123355256042834947_n.jpg
DST_2575.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайсты кабыл алды.

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-логистикалык, энергетика жана туруктуу өнүгүү тармактарындагы кызматташуусун тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Эдуардс Стипрайсты Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалышы менен куттуктап, алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууда жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөдө ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Европа Биримдиги менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ал өлкөнүн олуттуу гидроэнергетикалык потенциалын айтып, эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусунда ири инфратүзүмдүк демилгелерди кошкондо, бул чөйрөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө билдирди.

Транспорттук байланыштарды өнүктүрүү контекстинде Президент транзиттик потенциалды кеңейтүү жана эл аралык логистикалык долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу өз ара байланышты чыңдоо келечегин белгиледи.

Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс өз кезегинде Европа Биримдиги менен региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жатканын айтты. 

Регионалдык олуттуу өзгөрүүлөрдүн шартында ал чечкиндүүлүгү туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзгөн мамлекеттердин лидерлеринин ролунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси боюнча тарыхый макулдашууга жетишүүгө өзгөчө көңүл буруп, аны бүткүл регион үчүн маанилүү жана шыктандыруучу мисал деп атады.

Эдуардс Стипрайс Борбордук Азиядагы туруктуулук Европа Биримдиги үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ал транспорттук жана соода инфратүзүмү өнүкпөсө, региондогу өлкөлөрдүн дүйнөлүк рынокторго чыгуусу кыйын болуп, бул экономикалык потенциалды чектей турганын айта кетти. Буга байланыштуу Европа Биримдиги транспорттук коридорлорду кеңейтүүгө жана логистикалык байланыштарды чыңдоого көмөктөшүүнү улантат.