Садыр Жапаров Евразия экономикалык форумунун ишине катышууда

Президент 664 28 Май 2026 22:15
707946691_1568654951935800_3427555959598161081_n.jpg
707964311_1568655031935792_4192747936628035290_n.jpg
709863910_1568655071935788_3726761166598975817_n.jpg
710098660_1568654945269134_5252488252583188180_n.jpg
Алдыга
Артка
707946691_1568654951935800_3427555959598161081_n.jpg
707964311_1568655031935792_4192747936628035290_n.jpg
709863910_1568655071935788_3726761166598975817_n.jpg
710098660_1568654945269134_5252488252583188180_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 28-майда Астана шаарында V Евразия экономикалык форумунун катышуучуларын тосуп алуу аземи болуп өттү.

Конгресс-борбордун имаратында Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Беларустун президенти Александр Лукашенкону расмий тосуп алды.

Ошондой эле иш-чарага Россиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян келишти.

Мындан тышкары форумга Кубанын вице-президенти Сальвадор Меса, Ирандын өнөр жай, кен иштетүү жана соода министри Сейед Атабак, Вьетнамдын вице-премьер-министри Хо Куок Зунг, Монголиянын вице-премьер-министри Нямтайширын Номтойбаяр жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы соода боюнча мамлекеттик министри Тани бин Ахмед Аль Зейуди катышты.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин катышуучулар Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынын өткөрүү үчүн залга өтүштү.

Белгилей кетсек, V Евразия экономикалык форуму “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым жасоо”деген теманын алдында өтүүдө.