Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 15-октябрда Армениянын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.
Иш-чара өтө турган жерге келгенде, мамлекет башчысын Армениянын президенти Ваагн Хачатурян жана премьер-министри Никол Пашинян тосуп алышты.
Расмий аземдин жүрүшүндө мамлекеттердин жана өкмөттөрдүн башчыларына театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды.