Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине катышууда

Президент 16 октябрь 2026 13:20
photo_5372947922468674682_w.jpg
photo_5372947922468674676_w.jpg
photo_5372947922468674677_w.jpg
photo_5372947922468674678_w.jpg
photo_5372947922468674679_w.jpg
photo_5372947922468674680_w.jpg
photo_5372947922468674681_w.jpg
photo_5372947922468674684_w.jpg
photo_5372947922468674685_w.jpg
photo_5372947922468674686_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5372947922468674682_w.jpg
photo_5372947922468674676_w.jpg
photo_5372947922468674677_w.jpg
photo_5372947922468674678_w.jpg
photo_5372947922468674679_w.jpg
photo_5372947922468674680_w.jpg
photo_5372947922468674681_w.jpg
photo_5372947922468674684_w.jpg
photo_5372947922468674685_w.jpg
photo_5372947922468674686_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда Армениянын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда.

Мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

COP17 Лидерлер саммитине бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.

Саламдашуу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин лидерлер саммит өтүүчү залга бет алышты. Иш-чаранын алкагында Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасы боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы каралып, экосистемаларды коргоого каржылоо тартууга багытталган ар кандай чаралар талкууланат.

COP17 Лидерлер саммитинин жыйынтыгы боюнча “Еревандын аракет чакырыгы” аттуу саясий декларацияны кабыл алуу күтүлүүдө.