Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган күч органдарынын гарнизондук бөлүштүрүүсүндө сөз сүйлөдү.
Анда мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүүсүнүн эң негизги шарттарынын бири темирдей бекем тартип экенин белгиледи.
"Өнүгүүнүн эң биринчи шарты – темирдей бекем тартип. Өлкөбүздү ары-бери чайпагысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек. Андайларга ырайым болбойт", – деди Садыр Жапаров.
Президент күч органдарынын кызматкерлеринен катуу тартипти, жогорку кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти талап кылды.
Ошондой эле өлкө башчысы өлкөнүн күчү элдин биримдигинде жана ынтымагында экенин белгиледи.
"Биримдик бар жерде ийгиликтер болот, ынтымак уялаган жерге ырыс, кут конот", – деди президент.
Садыр Жапаров күч органдарынын кызматкерлерин ушул ураандын негизинде өлкөнүн өнүгүүсүн улантууга, Кыргызстандын эл аралык аброюн арттырууга жана жалпы кыргызстандыктардын бейпил турмушун камсыз кылуу үчүн талыкпай кызмат кылууга чакырды.