Садыр Жапаров ЭКУ мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышат

Президент Загрузка... 03 Июль 2025 10:00
859501714275320_big.jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Саммиттин темасы – «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» деп аталат.

Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Афганистан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат.

Тараптар Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө-мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.

Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле Азербайжандын Агдам районунда кыргыз тарап курган «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылышы болот», - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.