Садыр Жапаров Астанада санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды

Президент 683 29 Май 2026 02:00
708713209_1568822811919014_6380860747075201977_n.jpg
706483719_1568822755252353_7384999404794505104_n.jpg
708192697_1568823008585661_5295113158903665068_n.jpg
708793445_1568823005252328_185299286224956318_n.jpg
707899430_1568822928585669_2143818346215830907_n.jpg
708999687_1568822761919019_7363284576360707242_n.jpg
708192675_1568822838585678_4032153692890781390_n.jpg
706629605_1568822808585681_1422936950247317013_n.jpg
709346010_1568822745252354_2466383922988543656_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 28.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 28-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары менен бирге Астана шаарында уюштурулган санариптик жетишкендиктердин өлкөлүк көргөзмөсүнө барды.

Иш-чара Евразия экономикалык форумунун алкагында Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборунда өтүүдө.

Экспозицияда негизги басым санариптештирүүгө жана жасалма интеллект технологияларын киргизүүгө жасалган. Бул жерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма интеллектти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана санарип экономикасын өнүктүрүүгө багытталган заман талабындагы технологиялык жаңылыктар көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын көргөзмө тактасында өлкөнүн фискалдык тутумун жакшыртуу үчүн учурда колдонулуп жаткан санариптик каражаттар, анын ичинде салык жана бажы башкаруу процесстерине жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча чечимдер көрсөтүлдү.