Садыр Жапаров Душанбедеги инвестициялык жана экономикалык форумда сөз сүйлөдү

Президент 1541 09 Июль 2025 01:03
518310966_1278030830998215_821842979270669578_n.jpg
517125781_1278031597664805_7192061643192059883_n.jpg
517580415_1278032304331401_8508800759151686096_n.jpg
517388556_1278031294331502_4960474420621760289_n.jpg
517515536_1278032074331424_5296182968262199630_n.jpg
518100057_1278031604331471_6029755973247937379_n.jpg
518305872_1278032340998064_3780229100657978330_n.jpg
515936013_1278032050998093_1884743750821678243_n.jpg
516517432_1278030930998205_6869212507373954176_n.jpg
518291805_1278031400998158_1530550482989798537_n.jpg
Алдыга
Артка
518310966_1278030830998215_821842979270669578_n.jpg
517125781_1278031597664805_7192061643192059883_n.jpg
517580415_1278032304331401_8508800759151686096_n.jpg
517388556_1278031294331502_4960474420621760289_n.jpg
517515536_1278032074331424_5296182968262199630_n.jpg
518100057_1278031604331471_6029755973247937379_n.jpg
518305872_1278032340998064_3780229100657978330_n.jpg
515936013_1278032050998093_1884743750821678243_n.jpg
516517432_1278030930998205_6869212507373954176_n.jpg
518291805_1278031400998158_1530550482989798537_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.07.25. /Кабар/.«Биз аймактык демилгелерди колдоого, мамлекеттер аралык долбоорлорду ишке киргизүүгө, жер-жерлерде бизнес жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө зор маани беребиз», - деп белгиледи президент Садыр Жапаров 8-июлда Душанбе шаарындагы «Эгемендүүлүк сарайында» Кыргызстан менен Тажикстандын инвестициялык жана экономикалык форумунда сөз сүйлөп жатып.

Форумга Кыргызстан жана Тажикстандан 500гө жакын бизнес өкүлдөрү катышууда. Форум өз ишин 7-июлда практикалык бөлүктөн баштады, анын ичинде ишкерлер ишканаларга барып, туризм, өндүрүш, дүң жана чекене соода тармагындагы потенциалдуу өнөктөштөр менен таанышкан бизнес-сапарлар болду.

Андан кийин форумдун экинчи күнүндө анын катышуучуларына эки өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө видеороликтер көрсөтүлдү, "Ийгилик тарыхы жана чакырыктар: эки өлкөнүн жеке секторунун көз карашы", "Аймактардын келечегине инвестиция", "Соода-экономикалык кызматташтыктын жаңы векторлору" панелдик сессиялар өткөрүлдү.

Ошондой эле форумдун алкагында эки мамлекеттин бизнес-түзүмдөрүнүн ортосунда соода-экономикалык кооперацияны өнүктүрүүдө жаңы келечекти ача турган өз ара пайдалуу бир катар келишимдерге кол коюлду.

Форумдун ишинин экинчи күнүндө президент өз сөзүндө бул бурулуштуу жана окуяларга бай мезгилде Борбор Азия аймагы тарыхый мааниге ээ болгон тагдыр чечүүчү өзгөрүүлөрдүн аренасына айланып жатканын белгиледи.

Ал белгилегендей, мындай маанилүү окуялардын бири катары үстүбүздөгү жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү тарыхый мамлекеттер аралык келишимге кол коюлушу, ошондой эле 31-мартта Худжанд шаарында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилиши жөнүндөгү үч тараптуу келишимге кол коюлушу болду.

«Бул маанилүү макулдашуулар бир туугандык кызматташтыктын жана аймактык консолидациянын жаңы баскычынын башталышын билдирген түбөлүк достук жөнүндөгү Худжанд декларациясын кабыл алуу менен саясий жактан бекемделди», - деди президент.

Садыр Жапаров бүгүнкү форум бул жогорку саясий эрктин логикалык уландысы жана кызматташтыктын жаңы деңгээлин - биринчи кезекте экономикалык багытта өстүрүүгө болгон жалпы умтулуунун ачык далили экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бүгүн күн тартибинде товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өндүрүштүк кооперацияны тереңдетүү, биргелешкен инфраструктураны өнүктүрүү жана региондорду соода-инвестициялык процесстерге активдүү тартуу боюнча конкреттүү милдеттер турганын белгиледи.

Ал чек ара аймактарынын деңгээлинде соода жана транспорттон баштап, айыл чарбасы жана кайра иштетүүгө чейин практикалык өз ара аракеттенүүнүн бекем өзөгү түзүлүп жатканын өзгөчө белгиледи.

«Буга байланыштуу биз аймактык демилгелерди колдоого, мамлекеттер аралык долбоорлорду ишке киргизүүгө, жер-жерлерде бизнес жана инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө зор маани беребиз», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент заманбап шарттарда Улуу жибек жолун кайра жаратуу үчүн жаңы келечекти ача турган «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун башталышынын маанилүүлүгүнө өзгөчө токтолду.

Ал Кыргызстанда стратегиялык маанилүү долбоор – “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу, ал эми Тажикстанда масштабдуу Рогун ГЭСин куруу ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Садыр Жапаров мындай долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле "жашыл" энергетиканы өнүктүрүү ички камсыздоого чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын, бүткүл аймактын энергетикалык коопсуздугуна жана климаттык туруктуулугуна салым кошорун белгиледи.

Ошондой эле ал туризмдин элдерди жакындаштыруучу кубаттуу курал катары маанисин өзгөчө белгиледи.

«Борбор Азия – миллиондогон туристтерди тарта ала турган уникалдуу маданий жана жаратылыш аймагы. Буга байланыштуу Кыргызстан үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары үчүн аймакта бирдиктүү туристтик мейкиндик түзүү идеясын кароону сунуштайт.
Бул, албетте, туризмдин өнүгүшүнө эбегейсиз түрткү берип, элдерибиздин ортосундагы маданий байланыштарды бекемдейт», - деп мамлекет башчысы канааттануу менен белгиледи.

Кыргызстандын учурдагы экономикалык өнүгүүсү тууралуу сөз кылып жатып, ал өлкөнүн көрсөткүчтөрүнө кыскача токтолду. Ошондой эле, өлкөдө ар бир жаран жана чет элдик инвестор үчүн бардык шарттар жана кепилдиктер түзүлүп жатканын, бул ишкердик чөйрөгө болгон ишенимди арттырарын айтты.

«Бүгүн биз толук ишеним менен өлкөбүз инвестицияга жана өнөктөштүккө багытталган, ачык, туруктуу жана ишеним жаратуучу бизнес-чөйрөнү түзүп жатат деп айта алабыз», - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал ишкерлерди эки өлкөнүн өкмөттөрү соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө даяр экенине ишендирди.

Мамлекет башчысы замандын классиги, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөзүн мисал келтирди: «Тарыхый жалпылык, жалпы каада-салттардын, үрп-адаттардын болушу бизге чогуу болууга жана биргелешип жаңы дүйнөнү, бирдиктүү цивилизациялык коомду курууга сан жеткис мүмкүнчүлүктөрдү берет».

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү макулдашуулар жаңы практикалык кадамдар үчүн бекем негиз болот жана биз биргелешип олуттуу натыйжаларга жетишебиз деген ишенимин билдирди.