Садыр Жапаров Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы менен жолугушту

Президент 1351 08 Август 2025 16:26
529720137_1304898611644770_2013014355592313594_n (1).jpg
529022660_1304898614978103_9183594491395240585_n.jpg
528829248_1304898678311430_2477353966532314816_n.jpg
Алдыга
Артка
529720137_1304898611644770_2013014355592313594_n (1).jpg
529022660_1304898614978103_9183594491395240585_n.jpg
528829248_1304898678311430_2477353966532314816_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-августта Doppelmayr/Garaventa Group башкармалыгынын төрагасы Михаэль Доппельмайер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эске салсак, аталган австрия-швейцариялык топ Чүй облусундагы "Ала-Арча" жаратылыш паркында жана Ысык-Көл облусундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринде аркан жолун куруу долбоорун ишке ашырууда.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, курулуштун графигин сактоонун жана иштин жогорку сапатын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Президент Садыр Жапаров курулуп жаткан объектилер өлкө тургундарын да, чет элдик конокторду да кызыктырган маанилүү туристтик жайларга айланарына ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Михаэль Доппельмайер көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, компания Кыргызстан менен кызматташканына сыймыктанарын жана долбоорлорду аткаруунун эл аралык стандарттарга шайкеш жогорку деңгээлин камсыздоого даярдыгын баса белгиледи.