Садыр Жапаров Дохадагы ракеталык чабуулдарды айыптады

Президент Загрузка... 09 Сентябрь 2025 21:46
c563ccfe-8445-4a53-978c-1f89b8091e68.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда Доха шаарында болгон ракеталык чабуулдарды айыптайт.

“Бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУнун уставынын принциптерин бузат, ошондой эле Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө зыян келтирет”,-деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 9-сентябрда Израиль Катардын борбору Доха шаарына абадан сокку урган. Негизги зыян АКШнын акыркы элдешүү сунушун талкуулоо үчүн ХАМАСтын лидерлеринин делегациясы келген турак жайларга келтирилген. Катар Израилдин чабуулун айыптады.

Катардын бийлиги Израилдин турак жайга жасаган соккусуна укуктук жооп даярдоо үчүн юридикалык топ түзөрүн жарыялады. Премьер-министр Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани Израилдин аракеттери эл аралык укукту бузуп, Газа тилкесинде АКШ баштаган тынчтык жараянына доо кетирерин белгиледи.