Садыр Жапаров дүйнө коомчулугун Бишкектеги тоо саммитине чакырды

Президент 16 октябрь 2026 16:25
5372947922468674917.jpg
5372947922468674921.jpg
Алдыга
Артка
5372947922468674917.jpg
5372947922468674921.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бардык өлкөлөрдү, эл аралык уюмдарды жана өнөктөштөрдү 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган “Бишкек+25” Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Бул тууралуу президент бүгүн Армениянын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинде сөз сүйлөп жатып айтты.

Садыр Жапаров биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону экономикалык саясаттын, инвестициялык пландаштыруунун жана аймактарды өнүктүрүүнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш экенин, ал эми жаратылышты коргоо келечек муундардын алдындагы жалпы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.