Садыр Жапаров “Дастан” ААКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент 2430 03 Апрель 2026 15:22
photo_5368529990258988323_y (1).jpg
photo_5368529990258988335_y.jpg
photo_5368529990258988334_y.jpg
photo_5368529990258988333_y.jpg
photo_5368529990258988332_y.jpg
photo_5368529990258988331_y.jpg
photo_5368529990258988325_y.jpg
photo_5368529990258988330_y.jpg
photo_5368529990258988328_y.jpg
photo_5368529990258988329_y.jpg
photo_5368529990258988327_y.jpg
photo_5368529990258988326_y.jpg
photo_5368529990258988324_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5368529990258988323_y (1).jpg
photo_5368529990258988335_y.jpg
photo_5368529990258988334_y.jpg
photo_5368529990258988333_y.jpg
photo_5368529990258988332_y.jpg
photo_5368529990258988331_y.jpg
photo_5368529990258988325_y.jpg
photo_5368529990258988330_y.jpg
photo_5368529990258988328_y.jpg
photo_5368529990258988329_y.jpg
photo_5368529990258988327_y.jpg
photo_5368529990258988326_y.jpg
photo_5368529990258988324_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде “Дастан” трансулуттук корпорациясы ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы бул уникалдуу заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукцияларды чыгаруу боюнча иштеп жаткан линияларын көрүп чыкты.

Заводдун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири — деңиз торпедалык куралдарын даярдоо болуп саналат.

Ишкана менен таанышуунун жүрүшүндө аны мындан ары өнүктүрүү жана модернизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров заманбап технологияларды активдүү киргизүү жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишкананын жетекчилигине ата мекендик учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону уюштуруу маселесин тапшырды.

Бул тапшырма өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттук продукцияга көз карандылыкты азайтууга багытталган.

"Дастан" ААКсы электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукцияларын иштеп чыгууну жана өндүрүүнү жүзөгө ашырган көп тармактуу ишкана болуп саналат.