Садыр Жапаров Чолпон-Атада Тажикстандын президенти менен жолукту

Президент 1688 29 Июль 2025 17:19
5208836930026993128.jpg
5208836930026993129.jpg
5208836930026993127.jpg
5208836930026993126.jpg
5208836930026993130.jpg
5208836930026993125.jpg
5208836930026993124.jpg
5206245630228428362.jpg
5206245630228428361.jpg
5206245630228428360.jpg
Алдыга
Артка
5208836930026993128.jpg
5208836930026993129.jpg
5208836930026993127.jpg
5208836930026993126.jpg
5208836930026993130.jpg
5208836930026993125.jpg
5208836930026993124.jpg
5206245630228428362.jpg
5206245630228428361.jpg
5206245630228428360.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 29.07.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-июлда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жолугушту.

Тараптар кыргыз-тажик достук, ынак коңшулаштык жана кызматташтык мамилелеринин абалын жана келечегин ар тараптуу карап чыгышты.

Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин жакында болуп өткөн мамлекеттик сапарлар менен алмашууларынын жемиштүү жыйынтыктары талкууланды.

Бул контекстте мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтыкты жана өз ара байланыштардын башка аспектилерин мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара сызыгын демаркациялоо процессин алдыга жылдыруу маселелерине басым жасашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашылды.