Садыр Жапаров Чоң-Алайдагы “Кара-Мык” чек ара бекетине барды

Президент 982 13 Апрель 2026 20:00
671588322_1526763352791627_69328462804322801_n.jpg
670292881_1526763439458285_586719234837369720_n.jpg
670575821_1526763596124936_3111136952236706620_n.jpg
667835617_1526763769458252_1818017922847123312_n.jpg
670342117_1526763452791617_5417908080901371573_n.jpg
669277879_1526763832791579_6295196464143158932_n.jpg
670951559_1526763649458264_5573885604122228816_n.jpg
671323047_1526763796124916_7315466721173696658_n.jpg
668140938_1526763889458240_9106528750176586039_n.jpg
669346507_1526763699458259_610677976111132038_n.jpg
672046471_1526763752791587_3238779946390375323_n.jpg
669993137_1526763702791592_5668668420528735243_n.jpg
671231583_1526763609458268_7498938554488456597_n.jpg
669655617_1526763392791623_3642833726266116140_n.jpg
670903756_1526763806124915_6236441548203463815_n.jpg
671580979_1526763532791609_1854762902996026267_n.jpg
668726021_1526763406124955_1424268281685998089_n.jpg
672111223_1526763849458244_1420831838081197613_n.jpg
671570495_1526763542791608_9117742743749847920_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Мык” чек ара бекетинин инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышты.

Мамлекет башчысына объекттин социалдык жана инженердик инфраструктурасын модернизациялоого багытталган чаралар комплекси этап-этабы менен ишке ашырылып жатканы тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, өздүк курамдын кызмат өтөө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар объекттер пайдаланууга берилген. Алардын катарына кызматтык турак жайлар, бала бакча, ошондой эле жашоо-тиричиликти камсыздоочу жана коммуналдык инфраструктура объекттери кирет.

Азыркы учурда долбоордун кийинки баскычы уланууда. Анда кошумча аскердик жана чарбалык багыттагы объекттерди куруу жана модернизациялоо, ошондой эле мурдагы имараттарды жаңылоо каралган. Бардык иштерди ушул жылдын ичинде аяктоо пландалууда.

Чек ара бекетин кыдыруунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров жаңы объекттердин курулушун баштап берип, имараттардын биринин пайдубалына алгачкы курулуш аралашмасын куйду.

Ошондой эле мамлекет башчысы өткөн жылы курулган турак жайда аскер кызматкерлеринин жашоо шарттары менен таанышып, түзүлгөн тиричилик шарттарына баа берди.

Иш сапардын соңунда Садыр Жапаров чек арачылардын үй-бүлө мүчөлөрү менен баарлашып, алардын жашоо шарттары жана аскер кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча маселелерге көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик чек арада кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлери үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, чек ара бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо улуттук коопсуздук жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.