Президент Чоң-Алайда: Поликлиника, лаборатория жана дарыгерлер үчүн кызматтык үй курулат

Президент 1115 13 Апрель 2026 21:15
671385105_1526811326120163_1899370478875541501_n (1).jpg
669867261_1526811362786826_3994536464570264339_n.jpg
670569543_1526811372786825_7044210869805261453_n.jpg
670862582_1526811676120128_3084307016811759777_n.jpg
669881128_1526811642786798_5868409863885930276_n.jpg
670296841_1526811619453467_1024847950252613733_n.jpg
672159266_1526811549453474_2233630825870084228_n.jpg
672671789_1526811506120145_5159238008523054528_n.jpg
670206277_1526811412786821_1282999040662820711_n.jpg
669881128_1526811439453485_7001720949119173024_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Чоң-Алай районундагы Абибилла Молдоболотов атындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун инфекциялык бөлүмүнүн курулуп жаткан имаратын көрүп чыгып, ошондой эле поликлиника, лаборатория жана дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай куруу долбоорлору менен таанышты.

Медициналык мекеме Дароот-Коргон айылында жайгашкан. Инфекциялык бөлүмдүн эки кабаттуу имаратынын курулушу өткөн жылдын ноябрь айында башталган.

Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов мамлекет башчысына курулуш иштери быйыл жыл ичинде аяктай турганын маалымдады. Бөлүм зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалат.

Мекеменин аймагында кошумча түрдө поликлиника, лаборатория жана медицина кызматкерлери үчүн кызматтык турак жайлар да курулат. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев учурда бардык объекттер боюнча долбоордук-сметалык документтер даярдалып, жер тилкелери аныкталганын билдирди.

Андан соң президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлери менен баарлашып, аларды социалдык колдоо тууралуу маселелер да көтөрүлдү. Эмгек акыны этап-этабы менен жогорулатуу пландалып жатканы белгиленди.

Жолугушуунун соңунда медицина кызматкерлери саламаттык сактоо тармагына көрсөтүлүп жаткан колдоо жана көңүл буруу үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.