Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

13 апрель 2026 21:22
669581468_1526830126118283_8400429490410327017_n (1).jpg
670097644_1526830059451623_2870386152819362195_n (1).jpg
669582238_1526829556118340_5865871352021028238_n (1).jpg
668481294_1526829836118312_5941720312293082755_n.jpg
669446607_1526829632784999_9213441637591118540_n.jpg
670916370_1526830072784955_7713571558230346099_n.jpg
671278702_1526829699451659_2631738187999997994_n.jpg
669566965_1526829909451638_6816751279772234032_n.jpg
670552951_1526829702784992_2861335184219403792_n.jpg
669381711_1526830336118262_3378443529022157625_n.jpg
670018782_1526829562785006_5186347374783029661_n.jpg
671873263_1526829776118318_6477368834854246896_n.jpg
671734470_1526830349451594_4927273387837200071_n.jpg
669641600_1526830222784940_8178082636131786421_n.jpg
671619688_1526829896118306_232462716777982437_n.jpg
669557415_1526829849451644_8420347810862781955_n.jpg
671538302_1526830239451605_3126330076505622793_n.jpg
669581468_1526830126118283_8400429490410327017_n.jpg
669641600_1526829782784984_9087195648287415101_n.jpg
670163487_1526830142784948_4074115699858142709_n.jpg
672140434_1526829626118333_2359384516009691074_n (1).jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.04.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-апрелде Ош облусундагы Чоң-Алай районунун активи жана тургундары менен жолугуп, аларды тынчсыздандырган суроолорго жооп берди.

Жергиликтүү тургундар сугат суу менен камсыз кылуу, суу булактарына жеткиликтүүлүк, жол инфраструктурасын өнүктүрүү, анын ичинде стратегиялык маанидеги унаа жолдорун салуу жана бүтүрүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле мектептерди, бала бакчаларды жана спорт залдарды куруу зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары жер тилкелерин берүү, жерлерди трансформациялоо жана аларды адилеттүү бөлүштүрүү маселелери айтылды.

Өзгөчө көңүл укуктук мүнөздөгү кайрылууларга бурулду. Жарандар сот иштерине, прокуратура органдарынын жана Кадастр кызматтарынын чечимдерине, ошондой эле кылмыш иштери жана мүлктүк талаштарга байланышкан суроолорду көтөрүштү. Документтерди тариздөө, жарандык алуу, пенсия жана социалдык төлөмдөр боюнча маселелер да айтылды.

Кайрылууларды уккан соң мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана укук коргоо түзүмдөрүнө ар бир маселени мыйзам чегинде ар тараптуу, калыс жана өз убагында кароону, жарандардын укуктарын коргоо боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Райондун экономикасынын негизги багыттарынан болгон айыл чарба жана мал чарбачылыгын өнүктүрүү маселелери да көтөрүлдү. Тургундар ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр, адистердин жетишсиздиги маселелерин белгилеп, чакан ГЭСтерди куруу, кайра иштетүүчү өндүрүштөрдү жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштарын беришти.

Жолугушууда табигый ресурстарды пайдалануу, анын ичинде кендерди иштетүү жана лицензия берүү маселелери да каралды. Бул багытта жергиликтүү калктын кызыкчылыктарын жана экологиялык коопсуздукту сактоо зарылдыгына басым жасалды.

Президент пайдалуу кендерди казып алуу тармагына мамлекеттик көзөмөл күчөтүлгөнүн, процесстердин ачыктыгы камсыздалып, бюджетке түшүүлөр көбөйгөнүн айтты. Бардык долбоорлор аймактардын жана алардын тургундарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылышы керектигин баса белгиледи.

Жыйынтыгында мамлекет башчысы алыскы жана бийик тоолуу аймактарды комплекстүү өнүктүрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл буруп, инфраструктуралык долбоорлорду тездетүүнү, калктын жашоо шарттарын жакшыртууну, иш менен камсыз кылуу жана ишкердик үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү тапшырды.