Садыр Жапаров чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

Президент 1328 19 Май 2025 16:45
499967171_1235424088592223_2358025560148953312_n.jpg
499257375_1235423745258924_4612225593147068440_n (1).jpg
499255222_1235423748592257_41207853371176134_n (1).jpg
498993727_1235423945258904_7345506036763812502_n.jpg
498649087_1235423895258909_6887676864486656417_n.jpg
499525874_1235424135258885_6735066320915239139_n.jpg
499043953_1235424061925559_7280150120161447537_n.jpg
499352564_1235424108592221_5322868101940144139_n.jpg
499481382_1235423825258916_6051872077093403275_n.jpg
499921370_1235423975258901_2118982537723760558_n.jpg
499203644_1235423801925585_1655838223824125612_n.jpg
499257375_1235423745258924_4612225593147068440_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-майда Бириккен Улуттар Уюмундагы чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысы Мали, Кирибати, Вануату, Тонга, Тувалу, Палау, Буркина-Фасо, Соломон аралдары, Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин өкүлдөрү менен саламдашууда, көп тараптуу кызматташтыктын негизги институту катары БУУнун ролун күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу чакырыкка айланган экологиялык көйгөйдү кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарынын бири катары белгилеп өттү. Бул контекстте ал өлкөдө тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берилерин ырастады. Кыргызстандын демилгеси менен БУУнун Башкы ассамблеясы 15тен ашык резолюция кабыл алган.

Садыр Жапаров 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланганын эске салып, Африка, Кариб жана Тынч океан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн 2027-жылы Бишкекте өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

«Өлкөлөрүбүздүн географиялык алыс жайгашуусуна карабастан, биз окшош чакырыктарга туш болуудабыз жана аймакка ылайыкташтырылган инновациялык чечимдерди таба алабыз деп ишенебиз», - деди мамлекет башчысы.

Чет мамлекеттердин БУУдагы туруктуу өкүлдөрү өз кезегинде Президент Садыр Жапаровго жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришип, Кыргызстандын Уюмдун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын белгилешти.

Алар өлкөнүн глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган олуттуу демилгелерине токтолушту. Анын ичинде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери бар. Ошондой эле БУУнун аянтчасында Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даярдыктарын билдиришти.