Президент БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты

Президент 1239 23 Сентябрь 2025 22:55
552394126_1346508080817156_3797233270722745967_n.jpg
552352092_1346508077483823_3051617384515582729_n.jpg
552274329_1346508120817152_6774471787019460631_n.jpg
552937840_1346508147483816_6774666051779896763_n.jpg
553535009_1346508177483813_1758100036847441324_n.jpg
551110912_1346508187483812_7857415887351223976_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.09.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты.

Дебаттар башталар алдында мамлекет башчысын БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан тосуп алуу аземи болуп өттү.

Дебаттардын ачылышына дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик сессиясы «Жакшысы — биргелешип аракеттенүү» деген ураан менен ачылды. Бул маарекелик мезгил эл аралык тынчтыкты бекемдөө, туруктуу өнүгүү жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди туюнтат.

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Анын кайрылуусу 23-сентябрдан 24-сентябрга караган түнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 02:00–03:00дө күтүлүүдө.

Түз эфирди УТРК каналынан жана социалдык тармактагы баракчалардан көрүүгө болот.