Садыр Жапаров БУУга караштуу чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды

Президент 1460 29 Май 2025 09:10
501388887_1242809531187012_198296232716899115_n.jpg
501312445_1242809671186998_2854926799509769951_n (1).jpg
500611156_1242809637853668_5866091160541457779_n (1).jpg
502259756_1242809994520299_4889115810499695647_n (1).jpg
500576610_1242809521187013_4019880182895671099_n (1).jpg
500717245_1242809834520315_6136186807704967090_n.jpg
501871181_1242809794520319_2791700597171573595_n.jpg
502131178_1242809851186980_7331873544402534337_n.jpg
500689262_1242809737853658_7783277046218711134_n.jpg
501453492_1242809897853642_7837406863046558814_n.jpg
500508251_1242809584520340_2727331080497706169_n.jpg
501312828_1242809771186988_7978601200501004921_n.jpg
500743626_1242809937853638_1919264605630185919_n.jpg
500478459_1242809984520300_6915135704098283906_n.jpg
500770343_1242809604520338_222227945540431181_n.jpg
500756412_1242809701186995_4068252063923340054_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек 29.05.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 28-майда Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу бир катар чет мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысы Ангола, Белиз, Конго, Гана, Кения, Мальта, Маврикий, Мозамбик, Науру, Папуа - Жаңы Гвинея, Сент - Люсия, Руанда, Сенегалдын өкүлдөрү менен учурашып жатып, БУУнун ролун эл аралык кызматташтыктын негизги механизми жана глобалдык чакырыктарга жамааттык жооп кайтаруу платформасы катары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент климаттын өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл буруп, аларды айлана-чөйрөгө гана эмес, глобалдык коопсуздукка да коркунуч деп атады.

Ошондой эле ал БУУга мүчө мамлекеттер менен өнөктөштүктү бекемдөөгө даярдыгын билдирди. "Биз силердин өлкөлөр менен тыгыз кызматташууга даяр экенибизди билдиребиз. Биз экономикалык потенциалды өнүктүрүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган аракеттерди колдойбуз", - деп Садыр Жапаров белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө туруктуу өкүлдөр жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын БУУнун ишмердүүлүгүнө кошкон салымын жогору баалашты жана өлкө коопсуздуктун жалпы коркунучтарына каршы турууну, туруктуу өнүктүрүүнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоону кошо алганда, негизги глобалдык маселелер боюнча активдүү позициясын көрсөтүп жатканын белгилешти.

Мындан тышкары, чет мамлекеттердин элчилери Кыргызстандын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, Борбор Азия аймагындагы туруктуулукту жана коңшулук мамилелерди камсыздоодогу ийгиликтерин айтышты.

Алар Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү көп тараптуу деңгээлде да, эки тараптуу форматта да тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.