Бишкек, 05.02.25./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында КЭРдин Бүткүл Кытай эл өкүлдөрүнүн жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин, парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөөнү, ошондой эле саясий, экономикалык жана гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелердин келечегин талкуулашты.
Чжао Лэцзи өлкөлөр ортосундагы мамилелер тарыхый жактан жогорку деңгээлге чыгып, бардык тармактардагы кызматташтык жемиштүү жыйынтыктарга жеткенин белгиледи.
"Акыркы жылдары сиз өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү жана жаңы саясатты ишке ашырып жатасыз, экономикалык өнүгүү жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу ишинде Кыргызстан элин жетектеп келе жатасыз, бул үчүн кытай тарап чын дилинен кубанычын билдирет. Сиздин күчтүү жетекчилигиңиз астында Кыргызстанды тынчтык, туруктуулук жана гүлдөп-өнүгүү күтөт деп ишенебиз", - деди Бүткүл Кытай эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров ынак коңшулук, өз ара жардамдашуу жана кызматташуу кылымдык салттарына негизделген кыргыз-кытай мамилелеринин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Мамлекет башчысы Кытайдын инновациялардагы, жасалма интеллекттеги, кайра жаралуучу энергия булактарындагы жана IT-технологияларындагы ийгиликтерин өзгөчө белгилеп өттү. Ал мамлекеттик башкаруу жаатындагы тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, эки өлкөнүн парламенттери эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүдө негизги ролду ойной аларын айтты.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кытайдын глобалдык өнүгүү, коопсуздук жана цивилизация жаатындагы демилгелерин колдоп, алардын дүйнөдөгү туруктуу өнүгүүгө жана туруктуулукка кошкон салымын белгиледи. Ал Кытайдын климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдөгү жана көмүртек нейтралдуу экономикага өтүүдөгү алдыңкы ролуна токтоло кетти, бул дүйнөлүк коомчулукка үлгү болууда.
Жолугушуунун аягында тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого умтулууларын ырастап, эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн өз ара ишенимдин, урматтоонун жана биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.