Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Мамлекет башчысы жакында Жогорку Кеңеште айрым депутаттар бөлүп-жарууга аракет кылышканын айтып, бирок бул аракеттер убагында токтотулганын белгиледи.
"Урматтуу депутаттар, элдин элегинен өтүп, шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип отурсаңыздар, карапайым эл каякка барат деген ой келди мага. Ошондуктан мындан ары андай терс иштерди жасабайлы, мындай бөлүнүп-жарылуу мамлекеттүүлүккө коркунуч жаратат", — деди өлкө башчысы.
Президент белгилегендей, ал башынан эле бөлүнүү деген түшүнүктү түп-тамыры менен жоюуну максат кылган. Акыркы беш жылда бул түшүнүк дээрлик жоголду.
"Мисалы, акимдерге, судьяларга жана башка мамлекеттик кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн ротация бүгүн жакшы жыйынтыктарды берип жатат", — деп кошумчалады Жапаров.