Садыр Жапаров Бишкекте №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратын ачты

Президент 1378 23 Август 2025 13:55
538335285_1318316170303014_1128545896747850277_n (1).jpg
537599382_1318317800302851_3830243004826316581_n.jpg
536699425_1318317843636180_75398908541134511_n.jpg
537449997_1318316766969621_7403966286803202996_n.jpg
539050889_1318316790302952_3117208229256159873_n.jpg
537570001_1318316440302987_8321433001731234127_n.jpg
537227287_1318317796969518_6310873574269741735_n.jpg
538056035_1318316760302955_1650149346543678677_n.jpg
536695026_1318316740302957_2044003021536760662_n.jpg
536960083_1318316930302938_5052012237037372474_n.jpg
537734991_1318316646969633_2503285728668011322_n.jpg
536547508_1318316690302962_548092122873932475_n.jpg
537654354_1318316733636291_6379485619655473243_n.jpg
537721395_1318316336969664_2632825138404950204_n.jpg
537536787_1318316886969609_3338064867424194984_n.jpg
536586355_1318317836969514_3548384825480109245_n.jpg
537525295_1318316343636330_2809362207746387923_n.jpg
538031543_1318316550302976_5595044934855552047_n.jpg
536835182_1318316386969659_3247748994669703556_n.jpg
537539656_1318316193636345_6944460094651119277_n.jpg
536873907_1318316653636299_4931123754979016104_n.jpg
538400922_1318316606969637_1856426704292671646_n.jpg
537708279_1318316540302977_7420118418097244979_n.jpg
537372911_1318316373636327_2374418396687834842_n.jpg
537057911_1318316240303007_3672704605230293283_n.jpg
536974579_1318316206969677_3435058107076240719_n.jpg
537331500_1318316493636315_7709690755920340706_n.jpg
536999660_1318316910302940_8021117700484080485_n.jpg
537346658_1318316923636272_2868428825088574598_n.jpg
537383431_1318316696969628_5202473750783986096_n.jpg
539037052_1318316276969670_5352192353740101847_n.jpg
537555857_1318316856969612_8116703853424841640_n.jpg
536880776_1318316500302981_4238453390824662288_n.jpg
537482487_1318316616969636_2188747491219162803_n.jpg
537809752_1318316913636273_1858665878809974516_n.jpg
536586815_1318316423636322_4205484092966455136_n.jpg
538036384_1318316163636348_6778083453625809702_n.jpg
538480156_1318316263636338_5556336621468987290_n.jpg
537541959_1318316233636341_1964683645570947038_n.jpg
536730324_1318316880302943_9091128029890835512_n.jpg
537106660_1318316850302946_1712025628373746827_n.jpg
537539329_1318316800302951_4750743514590928769_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.08.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага, ошондой эле №7702 аскер бөлүгүнүн жаңы имараттарынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардагерлер жана өздүк курам катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө 1966-жылы курулган мурдагы имарат болгону 200 аскер кызматкерине ылайыкташтырылганын, бирок анда 300дөн ашуун адам кызмат өтөп, элементардык шарттар жетишсиз болуп келгенин эске салды.

Ал жаңы инфраструктура заман талабына толук жооп берерин жана аскер кызматчылары үчүн татыктуу шарттарды камсыздай турганын белгиледи.

“Өзүңүздөр көргөн жаңы шаарча салынды. Мында бардык заманбап шарттар эске алынган. Жоокерлердин жатаканасынан тарта этно-конок үйүнө чейин каралып, 22 кичи имаратты камтыган, жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзгөн, бүгүнкү замандын талабына төп келген шаарча курулду.

Мындан сырткары, заманбап санарип каражаттары жана материалдык-техникалык керектөөлөр менен камсыздадык, муну менен ички аскерлердин ыкчамдыгы жогорулайт деп үмүт артам”,- деп белгиледи президент.

“Кымбаттуу жоокерлер! Мамлекет түзүп берип жаткан шарттарды туура пайдаланып, Ата Мекенге ак кызмат кылуу ыйык милдетинен эч качан кайтпагыла. Элибиздин коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка бөгөт коюп, жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып, Ички аскерлердин жоокери деген сыймыктуу атты сактап, үлгүнү көрсөткүлө.

Силердин эбегейсиз эмгегиңер жалпы журтубузга сыймык болсо, келечек муундарыбызга мыкты өрнөк болот!”, - деди Садыр Жапаров.

Ал азыркы учурда учкучсуз учуучу аппараттар, алыстан туруп башкаруучу техникалар жана башка ушул сыяктуу заманбап технологиялар биз жашап жаткан мезгилдин эң алдыңкы аскердик ыкмалары болуп саналарын белгилеп өттү. Ааламдашуу доорундагы бул талаптарды эске алуу менен, ИИМ “Санарип аскер” системасын ишке киргизип, аны менен бирге “Санарип офицер” программасын ийгиликтүү иштеп чыкты.

Президент ошондой эле аскерлер керектүү атайын аскердик техника менен камсыздалганын белгиледи. 10 жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди, дагы 30у реконструкцияланды.

Ал мындан 5 жыл мурда ушул эле өздүк курам чек аралардан баштап, өлкөбүздүн бардык маанилүү жана өзгөчө маанилүү объектилериндеги ыкчам абалды радиостанция байланыштары аркылуу билип турса, азыркы учурда ыкчам абалды онлайн форматта 24 саат бою алаканга салгандай көрүп, кандай гана коркунучтар болбосун, токтоосуз координациялай алышарын эске салды. ИИМде, Ички аскерлерге окшогон бардык бөлүктөрдө “Санарип милиция” тутуму толугу менен иштеп жатат.

Мамлекет башчысы анын жеке тапшырмасы боюнча “Коопсуз өлкө” долбоорунун биринчи этабы ишке кирип, өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп жатканын айтып берди.

“Мындан ары бул долбоорду өлкөбүздүн бардык региондоруна жайылтып, элибиздин коопсуздугун чыңдоо боюнча жаңы деңгээлге чыгабыз деген үмүтүм бар. Өлкөбүздө коопсуздук болмоюнча, албетте, өсүп-өнүгүү дагы болбойт”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы аскер кызматчыларына ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап, жоопкерчилик менен аткарган иштерине ыраазычылык билдирди: “Заман чакырыгына татыктуу жооп берип, өлкөбүздүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында ачылып жаткан имаратыбыз кут болсун!
Элибиздин үмүт-тилегин актаган жайга айлансын! Баарыңыздарга бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик каалайм!”.

Андан соң ал аскер бөлүгүнүн штабынын алдындагы тасманы символикалык түрдө чечти.

Соңунда президент Садыр Жапаров заманбап аскер шаарчасы (штаб, клуб, спорттук комплекс, ашкана, кампалар, медициналык пункт жана башка инфраструктуралык имараттар), ошондой эле атайын техникалар менен таанышты.