Садыр Жапаров бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент 1836 21 Апрель 2026 14:35
678146246_1533666765434619_7051253578745546802_n (1).jpg
677375713_1533666778767951_456598818850955083_n.jpg
677928984_1533667452101217_6419435702567403566_n.jpg
678460531_1533667438767885_8688099128613822578_n.jpg
674967808_1533667405434555_6110106805574057680_n.jpg
675813361_1533667342101228_124313873477692844_n.jpg
675533011_1533667332101229_5240958587775224830_n.jpg
677879121_1533667298767899_6120302930006066836_n.jpg
677767340_1533667238767905_6077800620735894278_n.jpg
677931621_1533667242101238_4702754606957577844_n.jpg
675719384_1533667212101241_4278992778755496841_n.jpg
675506512_1533667128767916_7865846262340328967_n.jpg
677737647_1533667115434584_271662624346658661_n.jpg
678281365_1533667108767918_7022747648862748495_n.jpg
676011236_1533667038767925_3735135414683656850_n.jpg
676939433_1533667015434594_5268632964692972393_n.jpg
678352186_1533666975434598_1118357355117052042_n.jpg
675985835_1533666898767939_796636655667263813_n.jpg
677186792_1533666902101272_3537570852412452764_n.jpg
677848317_1533666865434609_2562962790831633244_n.jpg
678422744_1533666762101286_4367143850996833565_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде үчүнчү өлкөлөрдөгү резиденциясы менен аккредитацияланган атайын жана ыйгарым укуктуу элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алды. 

Ишеним грамоталарын Доминикан Республикасынын элчиси Алехандро Ариас Сарсуэла, Албания Республикасынын элчиси Блерта Кадзадеж, Индонезия Республикасынын элчиси Сити Рухайни Жухятин, Сомали Федеративдик Республикасынын элчиси Фатхудин Али Мохамед жана Палестина Мамлекетинин элчиси доктор Уайл Ахмед Батрехи тапшырышты. 

Салтанаттуу азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардак кароол менен тосуп алуудан башталып, андан соң элчилер президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты. 

Мамлекет башчысы өз сөзүндө элчилерди республикадагы дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, Кыргызстан дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды ырааттуу бекемдеп жатканын баса белгиледи. 

“Акыркы жылдары Кыргыз Республикасы экономиканы өнүктүрүү, элдин социалдык абалын чыңдоо, инвестициялык климатты жакшыртуу, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана тынчтыкты жайылтуу сыяктуу маанилүү багыттарда реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууда. Өзгөчө экономика жаатында мамлекетибиз масштабдуу трансформацияны баштан өткөрүүдө”, - деди Садыр Жапаров. 

Президент Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгонун жана азыркы тапта үчүнчү өлкөлөрдүн колдоосу абдан маанилүү экенин эске салды. 

Мындан тышкары, мамлекет башчысы катышуучуларды 2027-жылдын октябрь айында өтө турган "Бишкек+25" Глобалдык тоо саммитине активдүү катышууга чакырды. 

“Кыргыз Республикасы дүйнө жүзүнө ачык, бардык өлкөлөр менен тең укуктуу кызматташууга, зарыл болсо өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана инвестиция, коопсуздук, соода-экономика, илим, технология багыттарында өз ара пайдалуу кызматташтыкты жүргүзүүгө даяр”, - деп белгиледи мамлекет башчысы жана дипломатиялык миссиялардын башчылары өлкөлөрдүн ортосундагы достукту жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди бекемдөөгө олуттуу салым кошоруна ишенимин билдирди. 

Өз кезегинде, атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер өз өлкөлөрүнүн лидерлеринин саламын жеткирип жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдиришти.