Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Аксы районунун тургундары менен жолугушууда экстремизм боюнча соттолгон жарандын инисине ырайым берүү жана анын дарылануусуна көмөктөшүү маселесин бир айдын ичинде чечүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды.
Мамлекет башчысы Аксы районунун тургундары менен жолугуп жатып, абактагы инисине бөйрөгүн берүүгө даяр экенин айтып кайрылган жергиликтүү тургундун сөзүн укту.
Маалым болгондой, президентке кайрылган жарандын иниси Россияда экстремизм беренеси боюнча негизсиз айыпталып, быйыл Кыргызстанга экстрадицияланган. Ал жаза мөөнөтүнүн 7 жылын өтөп, дагы 3 жылы калган.
Президент маселени мыйзам чегинде тез арада карап чыгуу керектигин белгилеп, арыз жазууну сунуштады жана тиешелүү кызматкерлерге маселени бир айдын ичинде чечүүнү тапшырды. Ошондой эле мамлекет башчысы бөйрөк алмаштыруу операциясынын чыгымын толугу менен мамлекет төлөп берерин эске салды.
Президент белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 4,5 миңдей адам гемодиализ кызматын алат. Алардын ар бирине мамлекет тарабынан жылына 15 миң доллардай каражат коротулат. Ал эми бөйрөк алмаштыруу жана бейтапты кийин калыбына келтирүү чыгымы 8 миң долларды түзөт.