Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда Айдаркен шаарынан келген жарандын социалдык тармактарда бийликти басып алууга үндөгөн билдирүүлөрдү жарыялап, элди адаштырууга аракет кылып жаткандарга эмне үчүн чара көрүлбөй жаткандыгы тууралуу суроосуна жооп берди.
Мамлекет башчысы мындай билдирүүлөргө буга чейин жооп бербей келгенин, бирок бул жолу маселеге түшүндүрмө берүүнү чечкенин айтты.
“Эмне үчүн жооп бербей жатам десеңиздер, аларга убактымды коротпоюн дегем. Бирок сиз сурап калдыңыз, ушул жолу жооп берейин. Мындан кийин жооп бербегенге аракет кылам”, — деди президент.
Мамлекет башчысы анда Теңиз Бөлтүрүктү Кумтөр кенине жетекчи кылып дайындаган учурун эскерди. Анын айтымында, алгач Бөлтүрүктү чет өлкөлөрдө компанияларды башкарган тажрыйбалуу адис катары кабыл алып, ага ишеним көрсөткөн.
Президенттин билдирүүсүнө ылайык, кийинчерээк кендин ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Ал Теңиз Бөлтүрүктүн 100 миң долларлык айлык акысы, күйүүчү май сатып алуудагы жалган баалар жана кендин каражатын пайдалануу маселелерине токтолду.
Садыр Жапаров күйүүчү майды сатып алуудагы баага байланыштуу маалымат түшкөндөн кийин текшерүү жүргүзүлгөнүн жана айтылган жагдайлар тастыкталганын билдирди.
“Мен текшерүү жиберсем, чынында эле ошондой болуп чыкты. Андан кийин баарын текшергенден кийин, мамлекетке келтирилген чыгымды мүмкүн болушунча кайтардык”, — деди Садыр Жапаров.
Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мурдагы жетекчиликке байланыштуу бир нече адам камалган.
Президент мамлекеттик ишканалардын каражатын үнөмдүү пайдалануу зарылдыгын белгилеп, Кумтөр сыяктуу стратегиялык ишканаларды башкарууда ар бир сомго кылдат мамиле жасалышы керектигин кошумчалады.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнө токтолуп, мурда жылына 30–35 миллиард сомдун тегерегинде каражат чогултулса, азыр бул көрсөткүч 160 миллиард сомго жеткенин билдирди.
Сөзүнүн соңунда айтылган кеп-сөздөргө көңүл бурбай Кыргызстандын өнүгүү жолун мындан ары улантуу туура болорун белгиледи.