Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Баткен шаардык мэриясына футбол комплексин курууга Мамлекеттик турукташтыруу фондунан 1 млрд сом акча каражаты бөлүнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жаңы окуу-дарылоо жана илимий комплексин ачуу учурунда айтты.
Мамлекет башчысы аталган каражат облустун таланттуу жаштарын өнүктүрүү, эл арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу үчүн бөлүнөрүн кошумчалады.
Мындан тышкары, Жапаров облус борборун ар тараптан өнүктүрүү максаттарынын алкагында алдыдагы жылдары жаңы шаар куруу боюнча иш-пландар бар экенин да кошумчалады.