Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

Президент 730 17 Май 2026 22:04
IMG_4223.jpeg
IMG_4222.jpeg
IMG_4224.jpeg
IMG_4225.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4223.jpeg
IMG_4222.jpeg
IMG_4224.jpeg
IMG_4225.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.05.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-майда Азербайжанга иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын саламаттык сактоо министри Теймур Мусаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө мамлекет башчысы Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын форумга катышуусу өлкөнүн туруктуу инфраструктура, “жашыл” энергетика жана экологияга багытталган шаарларды өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкка умтулуусун айгинелейт.

Өлкө ошондой эле ыңгайлуу жана коопсуз шаардык мейкиндиктерди түзүү үчүн тажрыйба алмашууга жана эл аралык мыкты практикаларды ишке киргизүүгө даяр экенин көрсөтүүдө.