Садыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымын кабыл алды

Президент
photo_5384561973598559519_w.jpg
photo_5384561973598559520_w.jpg
photo_5384561973598559521_w.jpg
photo_5384561973598559522_w.jpg
Алдыга
Артка
photo_5384561973598559519_w.jpg
photo_5384561973598559520_w.jpg
photo_5384561973598559521_w.jpg
photo_5384561973598559522_w.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.10.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-октябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келген Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарованы кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-азербайжан кызматташтыгын соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана транспорттук тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык мамилелердин өзгөчө мүнөзүн белгилеп, жетишилген макулдашууларды, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын июль айында Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө кол коюлган Союздаштык мамилелер жөнүндө келишимди ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде Сахиба Гафарова Садыр Жапаровго жана кыргыз элине Ильхам Алиевдин саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди.

Милли Межлистин төрайымы эки тараптуу мамилелердин, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыктын динамикалуу өнүгүп жатканын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.