Садыр Жапаров Ат-Башы районунун тургундарынын суроолоруна жооп берди

Президент Загрузка... 24 Июнь 2026 12:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ат-Башы районунун активи жана тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү, ирригациялык инфраструктураны жакшыртуу, айыл чарбасын жана мал чарбачылыгын колдоо, маданият жана спорт объекттерин куруу, автомобиль жолдорун оңдоо, ошондой эле жарандарды турак жай менен камсыздоо жана социалдык колдоо маселелери көтөрүлдү.

Тургундар өзгөчө жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоочу медициналык мекемелерди куруу, туристтик тармакты өнүктүрүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө заманбап техника жана жеңилдетилген каржылоо берүү темаларына көңүл бурушту. Ошондой эле пенсия менен камсыздоо, турак жай маселелери, жер талаштары жана соттук териштирүүлөр боюнча кайрылуулар айтылды.

Президент ирригация жана айыл чарба жерлерин өздөштүрүү маселелерине токтолуп, бул багыттарга мамлекет тарабынан зарыл каржы каражаттары бөлүнүп жатканын, ал эми инфраструктураны өнүктүрүү жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштер улантылаарын баса белгиледи.

Жол жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жөнүндө сөз кылып жатып, мамлекет башчысы стратегиялык маанилүү транспорттук магистралдар артыкчылыктуу бойдон калаарын, аларды бүткөндөн кийин жергиликтүү жолдорду куруу жана оңдоо маселелери ырааттуу чечилерин айтты. Ошондой эле ал жергиликтүү тургундардын муктаждыктары үчүн көп функционалдуу комплекстерди куруу мүмкүнчүлүгүн белгилеп, айылдарда маданият жана спорт объектилерин өнүктүрүүнү колдоду.

Айыл чарба секторун колдоо маселелери боюнча президент айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген насыялоо программаларын ишке ашыруу, пайыздык чендерди субсидиялоо жана фермерлерди керектүү техника менен камсыз кылуу жөнүндө билдирди. Айыл чарба продукциясын сактоо жана сатуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берген, заманбап агрологистикалык борбордун курулушу тууралуу да айтылды.

Укук коргоо органдарынын иши, жер маселелери жана айрым сот чечимдерине байланыштуу кайрылууларга жооп иретинде, Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ар бир ишти мыйзам чегинде объективдүү жана ар тараптуу кароону тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров көтөрүлгөн бардык маселелер көзөмөлдө болорун, ар бир кайрылуу боюнча белгиленген тартипте тийиштүү чечимдер кабыл алынарын баса белгиледи.