Кыргызстандын президенти Арменияга расмий сапары менен барды

Президент 15 октябрь 2026 23:50
photo_5370746571340849654_y.jpg
photo_5370746571340849655_y.jpg
photo_5370746571340849656_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5370746571340849654_y.jpg
photo_5370746571340849655_y.jpg
photo_5370746571340849656_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-октябрда Арменияга расмий сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы Ереван шаарындагы “Звартноц” эл аралык аэропортуна конду.

Президентти учактын тепкичинен Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун аймагына кызыл килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилип, Кыргызстандын жана Армениянын мамлекеттик туулары илинген.

Расмий сапар Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча өтүүдө.

Сапардын жүрүшүндө президент Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өтө турган Лидерлер саммитине катышат, ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.