Садыр Жапаров Россиядагы учак кырсыгына байланыштуу Владимир Путинге көңүл айтты

Президент Загрузка... 25 Июль 2025 11:29
68829c80cffe9_lg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек 25.07.25 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Амур облусунда көп сандаган адамдардын өмүрүн алган жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу Россия президенти Владимир Путинге көңүл айтты.

«Амур облусундагы кайгылуу авиациялык кырсыктын кесепетинен көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Менин чын жүрөктөн чыккан жана терең көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун жакындарына жана туугандарына алар үчүн бул орду толгус жоготууга көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүмдү жеткирүүңүздү өтүнөм», - деп айтылат телеграммада.